COVID-19 кантип тараларын Россиядагы коронавирус менен күрөшүү боюнча маалымат борборунун расмий өкүлү, доктор Александр Мясников онлайн-видео көпүрө учурунда айтып берди.
Ал ооруп калган бейтап инфекцияны дагы үч кишиге жуктурат деген түшүнүк туура эместигин билдирди. Анын пикирине караганда, эгерде инфекция менен күрөшпөй койсо, ал бир жарым айдан кийин ылдыйлай баштайт, бирок курмандыктар көп болот. Адис буга "испанканы" мисал келтирип, биринчи үч айда эле 30 миллион өмүрдү алып кеткендигин айтты.
"Эгерде жаңы вирус айбандан тараса, анын каары катуу болот, адамды өлтүргөнгө кудурети жетет. Бирок ар бир жуккан сайын алсырай берет. Сиз ооруганда катуу өтсө, небереңиз анча кыйналбайт. Ал да кийин башкага жуктурса, бир топ эле күчсүз түргө өтөт. Катуу толкун келип жээктеги мейманкана, бак-дарактарды жууп кетип, андан чөөттөр калган сындуу нерсе. Инфекция деле ошондой: катуу келет, жуккан кишилерди өлтүрөт, андан соң кубаты кете баштайт. Канча көп өмүрлөрдү алып кетсе, ошончолук коопсуз болот", — деген дарыгер.
Мясников күзүндө коронавирустун экинчи толкуну күтүлүп жатканын айтты.