Тамтыгы калбай калыптыр! Кантта кагышкан үч автоунаанын видеосу

1 июня 2020 Тамтыгы калбай калыптыр! Кантта кагышкан үч автоунаанын видеосу

Кантта үч автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя болгон жерден тартып алынган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

koroche. Видео

Жол милициясынын билдирүүсү боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды. Каза болгондор жок.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкка Honda Odyssey, ВАЗ 2107 жана Hyundai автоунаалары кабылган.

Кадрдан окуяга күбө болгондор капталына оодарылып калган Honda Odyssey машинасын тургузуп жатканын көрүүгө болот.

Ушу тапта ЖКККББ кызматкерлери иштеп жатышат, кырсыктын себеби такталууда.

sputnik