Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты

1 июня 2020 Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты

Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасында болгон чыр боюнча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

"Эки өлкө жарандарынын ортосундагы чыр Чечме айылындагы булакты тазалоо учурунда келип чыкканы маалым болду. Эки тарапта тең жабыркагандар бар. Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кыргыз-өзбек чек арасындагы облустардын жетекчилери сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында кырдаал көзөмөлгө алынды. Тараптар эми тазалоо иштерин макулдашуусу жок өткөрбөйт", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик Чечме айылындагы суу Өзбекстандын да, Кыргызстандын да элин камсыз кыларын кошумчалады.

"Эки жактын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен булактын суусун чогуу колдонуу боюнча келишим бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Баткен облусундагы "Чечме" өткөрмө пунктунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушуп, чек арага жакын аймактагы элдин кечээки жаңжалын талкуулаган.

sputnik