Наталья Орейро кыргызча учурашып, кыргызстандык балдарды куттуктады

1 июня 2020 Наталья Орейро кыргызча учурашып, кыргызстандык балдарды куттуктады

Кыргызстанда  балдардын биринчи онлайн-саммити учурунда Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчиси, белгилүү актриса жана ырчы Наталья Орейро куттуктады. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн пандемияга каршы күрөшүү боюнча Telegram-каналында жарыяланды.

instagram

Кыргызстанда өтүп жаткан Балдар саммитин көрүүгө чакырган Орейро сөзүн кыргыз тилинде учурашып, баштады.

"Менин атым Наталья Орейро, мен ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчисимин. Силерди Балдарды коргоо күнүндө Балдардын саммитин көрүүгө чакырам. Балдар жана өспүрүмдөр өздөрү үчүн маанилүү болгон темада сүйлөшөт. Бизде алардын үнүн, айткандарын угууга сонун мүмкүнчүлүк бар. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Бар болсун, Кыргызстан!" — деди актриса.

Эске салсак, бүгүн, 1-июнда, балдардын алгачкы онлайн-саммити өтүүдө. Иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм катышууда. Ага 50 окуучунун ар кыл түзүмдөрдөгү расмий адамдардын катышуусунда балдардын көйгөйлөрүн талкуулоосу каралган.

sputnik