1 июня 2020
Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов борбор калаада 1-июндан баштап кайсы тармактар ишке кирерин айтып берди.
Алар:
Элдик керектөө товарларын жана азык-түлүк товарларын өндүрүү, сатуу боюнча иш-аракеттердин бардык түрлөрү;
Тиричилик тейлөө чөйрөсүндөгү иш-аракеттердин бардык түрлөрү;
Аудитордук жана консалтингдик компаниялар;
Жарнамалык агенттиктер;
Туристтик жана рекреациялык объектилер (эс алуу үйлөрү, пансионаттар, тарыхый объекттер), жеке унааларда жүрүү шарттарында;
Карантиндик чектөөлөрдөн улам жабылган компаниялар 1-майдан тарта акырындык менен ишин кайрадан жанданта баштады. 1-июндан тарта дагы бир канчасы кардарларга эшигин ачат.