Дарыгер COVID-19дун экинчи толкунунун күчү эмнеде болорун айтып берди

1 июня 2020 Дарыгер COVID-19дун экинчи толкунунун күчү эмнеде болорун айтып берди

Коронавирустун вакцинасынын табылышы же жок болушу экинчи толкундун күчүнө таасир берет. Эгерде дарттын дабасы табылса, олуттуу чектөөлөр талап кылынбайт. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын Борбордук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Екатерина Трифонова айтып берген.

"Экинчи толкун кандай болору жана ага кандай чектөөлөр киргизилери вакцинанын бар-жогуна байланыштуу. Эгерде вакцина табылса, калктын иммундук системасы бекемделип, алар ээн-эркин жүрүшүнө чектөөлөр коюлбай турганы айкын", — деген Трифонова.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 пандемиясын жарыялаган. Жер жүзүндө коронавирус инфекциясын жугузуп алган адамдардын саны 6 миллиондон ашты. Коронавирус жуктурган жана каза тапкан мамлекеттердин сап башында Америка турат. Кийинки орундарга Бразилия менен Россия чыккан.

Жакында эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясынан жаралган коркунуч дагы деле бар экендигин айтып, жакында COVID-19дун экинчи толкуну болушу мүмкүндүгүн билдирген.

sputnik