Премьер Абылгазиевдин КЭАУда окуганынан шек санагандар чыкты. Өкмөттүн жообу

29 мая 2020 Премьер Абылгазиевдин КЭАУда окуганынан шек санагандар чыкты. Өкмөттүн жообу

Өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргызстан эл аралык университетинде окуганынан күмөнсүнгөндөргө жооп берди.

Буга чейин АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери Айбек Хакимов социалдык тармак аркылуу Абылгазиевди 90-жылдардагы КЭАУнун студенттеринин арасынан кезиктирбегенин айтып чыккан.

facebook

Анын айтымында, премьер-министрдин өмүр баянында ал 1997-жылы экономика жана бизнес факультетин аяктагандыгы көрсөтүлгөн. Хакимовдун айтымында, ошол жылы 1993-жылы ачылган университеттин алгачкы студенттери окуп бүткөн.

"Мен аталган окуу жайдын экономика жана бизнес факультетине тапшырган алгачкы 60 студенттин биримин. Бардыгын аты-жөнүнөн билем, себеби староста болчумун. Абылгазиев студенттердин арасында болгон эмес. Бир нече курсташымдан сурадым, алар дагы эстей алышкан жок. Сырттан окуган бөлүм жок болчу. Кызык, Абылгазиев КЭАУнун дипломун кантип алган? Мындай караганда эмнеге таң калам, биздин өлкөдө баары мүмкүн эмеспи", — деген Хакимов.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу Facebook баракчасы аркылуу бул билдирүү калп экендигин айтып, бул үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келерин айткан.

facebook

Ал эми премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев активист жазган посттун алдына Абылгазиев чын эле КЭАУда окуганын билдирди.

"Кутман күн, Айбек! Сиз чындыгында эле Мухамедкалый Абылгазиев менен бир жылда окууну чогуу бүтүргөн экенсиздер. Бирок ал сиздей бакалавриатта эмес, магистатура бөлүмүндө окуган. Сабактар ар кайсы убакта ар кайсы бөлмөдө өткөрүлөт эмеспи", — деди Султаналиев.

Ал кийинчерээк университет бардык зарыл маалыматтарды бере турганын убадалаган.

sputnik