Бүгүн Кыргызстанда 68 кишиден коронавирус чыкты

29 мая 2020 Бүгүн Кыргызстанда 68 кишиден коронавирус чыкты

Бүгүн өлкө аймагынан 68 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаарында 35, анын 26сы Россиядан келген курсанттар. Ош шаарында эки, Баткен облусунда бир, Нарын облусунда төрт кишиден вирус чыкты. Мындан тышкары, Россиядан келген 21 кишиден коронавирус аныкталып, анын 11и кош бойлуу келин, 10у студент экени айтылды.

"Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1662 учур катталды. Ушу тапта 10 кишинин абалы оор, төртөө реанимацияда", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда кырдаал кандай нукта өнүгүп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

sputnik