Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине кирди

29 мая 2020 Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине кирди

Медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев узакка созулган карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Китептин расмий сайтында айтылат.

"Хирургдун эң узакка созулган карьерасы 67 жыл 181 күндү түзөт. Бул көрсөткүч бишкектик Мамакеев Мамбет Мамакеевичке таандык (Кыргызстан). Маалымат 2020-жылдын 29-февралында тастыкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Сайтта Мамакеев медицинадагы жетишкендиги үчүн Кыргызстандын ардактуу атуулу экени да белгиленет.

Мамбет Мамакеев 92 жашта, ушул күнгө чейин операция жасайт. 1927-жылы Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. 15 миңден ашуун операция жасап, 100 миңдей оор абалдагы бейтаптарга консультация берген. Бир нече илимий иштердин, дарылоо ыкмаларынын автору.

Айтылуу хирург 90 жашка чыкканда Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу материал даярдаган.

sputnik