Ата-энелер мектеп фондуна акча чогултулуп жатканын айтууда. Министрлик эмне дейт?

28 мая 2020 Ата-энелер мектеп фондуна акча чогултулуп жатканын айтууда. Министрлик эмне дейт?

Ата-энелер мектептеги ата-энелер фондуна акча төлөөгө милдеттүү эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев билдирди.

Буга чейин редакцияга Бишкек шаарынын тургундары кайрылып, айрым мектептер акыркы үч айга ата-энелер фондуна акча төлөөнү талап кылып жатканын айтышкан.

Усеналиев бул маселе боюнча Билим берүү министрлигине да чалуулар болуп жатканын, бирок көпчүлүк ата-эне аты-жөнүн айтуудан айбыгып, териштирүүгө катышуудан баш тартып жатканын маалымдады.

"Былтыр мугалим, класстын, мектептин жетекчилери үчүн ата-эне, окуучулардан акча чогултпоо боюнча министрликтин буйругу чыккан. Ал акчаны ата-энелер чогултуп жатат. Эгерде бул ишке класс жетекчи же мугалимдин катыштыгы бар болсо, аларга чара көрөбүз. Фондго акча чогултуу боюнча бизге кайрылган ата-энелер бар, бирок аты-жөнүн айтышпайт, туруктуу позициясы жок болууда. Ал мектепке барып териштирели десек эч кимдин далили жок. Ошо акча берген ата-энени да жоопко тартыш керек деп сунуштап жатам. Ата-энелер, фондго акча төгүүгө эч ким милдеттүү эмес, баары ыктыярдуу болушу керек. Мектепке сөзсүз эле акча менен эмес башка жагынан деле жардам берсе болот. Мисалы, классты акташып же мыгын кагып берсе ал деле жардам болуп саналат", — деди Усеналиев.

Буга чейин өкмөт 2023-жылга чейин ата-энелер фондун жоюуну пландаган.

sputniк