Ымыркайлар, медиктер... Ош шаарында 35 адамдын вирусту кайдан жуктурганы айтылды

28 мая 2020 Ымыркайлар, медиктер... Ош шаарында 35 адамдын вирусту кайдан жуктурганы айтылды

Ош шаарында бир сутка ичинде коронавирустун 35 учуру буга чейин төрөтканада карантинге алынгандардан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн эртең мененки маалыматта Кыргызстан боюнча 74 киши вирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Анын дээрлик жарымы Ош шаарынан экени айтылган.

"Ош шаардык перинаталдык борборунда жаткандарда буга чейин вирус тастыкталгандыктан, ал жактагы аялдар менен медицина кызматкерлери карантинге алынган. Экинчи ПЦР-тесттин жыйынтыгы менен бир суткада 35 учур катталды. Алардын он беши ак халатчандар, 14ү жаңы төрөгөндөр, бешөө ымыркай, бирөө жөн гана бейтап", — деди министрлик.

Ош шаардык төрөтканада вирус жуктурган алгачкы учур 12-майда катталып, жаткандар обсервацияга алынган.

Ал эми Ош шаардык мэриясы учурда кош бойлуулар ушул эле калаадагы облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө кайрылып жатканын билдирди. Мэрия жарандарды обсервация эрежелерин так сактоого чакырууда.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

sputnik