Мындай боло элек болчу! Бир суткада 27 медик коронавирус жуктурду

28 мая 2020 Мындай боло элек болчу! Бир суткада 27 медик коронавирус жуктурду

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Алардын бешөө Бишкек шаарында, 15и Ош шаарында, жетөө Нарын облусунда иштегендер”, — деди Үсөнбаев.

Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 326 учур катталды, алардын ичинен 247 медик стационарлардан айыгып чыккан.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

sputnik