Азайбай жатат! Бүгүн 74 кишиден коронавирус чыкты

28 мая 2020 Азайбай жатат! Бүгүн 74 кишиден коронавирус чыкты

Бүгүн Кыргызстанда 74 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаарында 21 кишиден чыкты. Анын 10у Россиядан келген курсанттар. Чүй облусунда бирөө болсо, Ош шаарында 35 кишиден аныкталды. Ош облусунда төрт, Нарын облусунда 13 киши вирус жуктуруп алганы такталды.

Ушуну менен жалпы жонунан Кыргызстанда COVID аныкталган 1594 учур катталды.

Учурда өлкө аймагындагы абал тууралуу кабардар болуу үчүн редакция жүргүзгөн тексттик трансляцияга баш багыңыз.

sputnik