Нарын облустук ооруканасы курчалып, төрт бөлүмү жабылды

27 мая 2020 Нарын облустук ооруканасы курчалып, төрт бөлүмү жабылды

Коронавирус илдетинин курчуп кеткендигине байланыштуу Нарын облустук бириктирилген оорукананын бир нече бөлүмү убактылуу жабылганын аталган облустун башчысы Эмилбек Алымкулов билдирди.

"Ушул тапта психонаркология, терапия, неврология жана балдар бөлүмдөрү убактылуу жабылды. Ал эми кардио-пульмонология, травмотолия, хирургия, жугуштуу оорулар, реанимация жана төрөт бөлүмдөрү, лабораториялар иштеп жатат. Дарыгерлер менен кеңешип, тургундар өмүргө өтө коркунуч келтирбеген оорулар боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна кайрылса болот", — деди Алымкулов.

Ошондой эле ал облустук оорукананын айланасы толугу менен курчалганын айтып, адамдар, унаалар өтө зарыл иштер менен гана кирип жатканын белгиледи.

Учурда Кыргызстан боюнча Нарын аймагында коронавирус кооптуулугу курч болуп турат. Өткөн суткада Нарын облусунан 17 кишиден инфекция чыккан. Ал жакта жалпы оорулуулардын саны 297ге жетти.

sputnik