Бишкек: жолдун кесилишинде жети автоунаа сүзүштү. Кырсык учурундагы видео

27 мая 2020 Бишкек: жолдун кесилишинде жети автоунаа сүзүштү. Кырсык учурундагы видео

Борбор калаадагы Байтик баатыр — Масалиев (Түштүк магистраль) көчөлөрүнүн кесилишинде жети автоунаа сүзүштү. Бул тууралуу окуяга күбө болгон адам билдирди.

"Короче" Telegram-каналына кырсык болгон учурдун видеосу жарыяланды.

Видео 1

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, бир нече жеңил автоунаа, минивэн жана кичи автобус кагышкан. Бул бир эле кесилиштеги эки башка жол кырсыгы да болушу ыктымал. Күбөлөрдүн бири видеодо төрт автокөлүктү, андан кийин дагы үчөөнү санаган.

Видео 2

Кадрда көрүнүп тургандай, Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү минивэндин айдоочусу жолду экиге бөлүп турган чийинден чыгып кетип, башкара албай калып, маңдайкы кесилиштин аркы тарабында каршы тилкеде келе жаткан машинаны сүзгөн.

Кайгуул милициясы аталган жол кырсык боюнча кийинчерээк маалымат берерин айтты.

sputnik