27 мая 2020
Кыргызстанда бүгүн дагы 52 адамдан коронавирус чыкканын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары — 9 + 2 (Россиядан келген аскер кызматкерлери);
Чүй облусу — 3 + 8 (Соль-Илецкиден келгендерден);
Ош шаары — 7;
Ош облусу — 2;
Баткен облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 3;
Нарын облусу — 17.
Ушуну менен коронавирус жуктургандарды жалпы саны 1520 болду.
Өлкөдөгү кырдаалдан кабардар болом десеңиз Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляцияга көз жүгүртүңүз.