27 мая 2020
Япониянын COVID-19 инфекциясына каршы иштеп чыккан вакцинасы июлда клиникалык сынактан өтөт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бул сынак Осако университети менен биргеликте өткөрүлөт. Маалыматка ылайык, учурда вакцинанын жаныбарларга жасалган экспериментинде антитело иштелип чыккан.
Буга чейин аталган вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрүү сентябрга белгиленгени менен кийин аны августка жылдырышкан. Эми ал июлда болору айтылууда. Эгер анын эффективдүүлүгү тастыкталса, анда ушул жылдын аягына чейин колдонууга берилери айтылат.
Сыноо эки ооруканада өткөрүлүп, анда ондогон адамдарга эксперимент жасалат. Жыйынтыгы сентябрда билинмекчи.