6 мая 2020
Бүгүн өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алган 28 киши аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
"Анын ичинде Бишкекте 16 киши, Чүйдө экөө, Жалал-Абад облусунда алтоо, Баткен облусунда төртөөнөн чыкты. Булардын арасында төрт медицина кызматкери бар", — деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда коронавирус аныкталган 871 учур болду. Анын 614ү айыкса, 12 киши көз жумду.