Ушунча убарабыз текке кетпесин. Премьер-министр Абылгазиев элге кайрылды

4 мая 2020 Ушунча убарабыз текке кетпесин. Премьер-министр Абылгазиев элге кайрылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди жоопкерчиликтүү болууга жана карантин аяктаганча обочолонуу тартибин сактоого чакырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Абылгазиев учурда өкмөт өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү үчүн даярдык көрүүгө багыт алганын белгилеген.

"Жумуш орундарын жана жарандардын кирешесин сактоо максатында биз тараптан экономиканын дээрлик маанилүү жана суроо-талап чоң болгон тармактарынын иштөөсүнө этап-этабы менен уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Коронавирус инфекциянын кырдаалга тийгизген таасирин эске алуу менен бул өлкө үчүн оор, бирок ошол эле учурда өтө маанилүү чечим болду. Бирок көптөр бул жеңилдиктерди карантиндик режимди токтотуу жана мурдагы жашоо шарттарына кайтуу катары кабыл алышууда. Мен белгилей кетейин, андай эмес! Жумушка уруксат алгандардан башка бардык жарандар карантинди сактоого тийиш. Бүгүн вирус менен күрөштө маанилүү этап келди, ал ар бир жарандан жоопкерчиликти жана тартипти талап кылат. Биз жумшаган бардык күч-аракетибиздин текке кетишине жол бере албайбыз", - деди Абылгазиев.

Ал ошондой эле социалдык аралыкты, гигиена эрежелерин сактоо керектигин белгиледи.

"1-майдан тарта ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекеме жана уюмдардын жетекчилери бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптардын тыкыр аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик аларын эскертип кетким келет", - деди премьер.

Өкмөт башчы вирустун кеңири тарап кетишине жол берилбегенин, эми ушул жыйынтыкты бекемдөө үчүн талаптарды аткарууга чакырды.

sputnik