Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов маалымат жыйын учурунда 1-майдан тарта калаада иштей баштаган мекеме-жайлардын тизмесин атады.
Анын айтымында, бүгүндөн тарта жети тармак ишмердүүлүгүн жандантат. Алар:
Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү;
Курулуш тармагы;
Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө кызматын көрсөткөндөр;
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү;
Соода чөйрөсү;
Чач тарач жана салондор;
Уруксаты, патенти бар таксисттер.
Сарыбашов жеке таксисттер шаардык мэрияга кат менен кайрылса, аларга өткөрмө кагаз алууга жардам беришерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпы 111 адам коронавирус жуктуруп алса, анын 72си айыккан. Ооруканада азыркы тапта 37 бейтап жатат. Вирустан эки киши көз жумган.
Мэрдин айтымында, шаарда эпидемиологиялык абал туруктуу.