Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алды

1 мая 2020 Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алды

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алганын РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, Мишустин вируска кабылгандыгы жөнүндө президент Владимир Путин менен онлайн байланышканда билдирип, обочолонууга кетип жатканын айткан.

"Урматтуу Владимир Владимирович, менин коронавирусту аныктоочу текшерүүдөн өткөнүм оң натыйжа бергендиги жаңы эле белгилүү болду. Ушуга байланыштуу жана Роспотребнадзордун талаптарына ылайык, мен өзүмдү обочолоп, дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн аткарууга тийишмин. Бул менин кесиптештеримди коргоо үчүн жасалышы керек", — деген Мишустин Путинге.

Жыйын онлайн түрүндө өткөн.

Мишустин өкмөт штаттык режимде иштей берерин, ал президент жана кесиптештери менен байланышта болуп турарын кошумчалаган.

Премьер-министр өлкө башчыга анын милдетин биринчи орун басары Андрей Белоусов аткарып турушун сунуштаган. Көп өтпөй Кремлдин басма сөз кызматы Путин Белоусовду премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган жарлыкка кол койгонун жарыялады.

Мишустин ошондой эле жарандарга кайрылып, май майрамдарынын алдында инфекцияга олуттуу мамиле кылып, үйдө болуусун өтүнгөн.

sputnik