Тажикстанда дароо 15 кишиден коронавирус аныкталды

30 апреля 2020 Тажикстанда дароо 15 кишиден коронавирус аныкталды

Тажикстанда 15 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазды.

Маалыматка караганда, өлкө аймагында илдетке кабылган адамдар бар экени пандемияны алдын алуу боюнча түзүлгөн Республикалык комиссиянын шашылыш жыйынында жарыяланган. Чогулуш өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзоданын жетектөөсүндө өткөн.

15 кишинин 10у Хожентте, бешөө Душанбе шаарында экени айтылды.

Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин Тажикстанда коронавируска кабылган бир дагы учур аныктала элек болчу.

sputnik