Эртеңден баштап Бишкектеги блокпосттордун баары алынат

30 апреля 2020 Эртеңден баштап Бишкектеги блокпосттордун баары алынат

Эртеңден баштап өзгөчө абал кирген шаарларга коюлган блокпосттор алынат. Бул туурасында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 1-майга караган түнү өзгөчө абал режими киргизилген шаарлардагы блокпосттордун баары аланып, жалаң жөө жана автоунаа патрулдары калат.

Мындан улам депутат Дастан Бекешев “андай болсо электрондук өткөрмө кагазын берүүнүн кандай зарылчылыгы бар?” деп суроо салып, баарын көзөмөлдөө мүмкүн эместигинин белгиледи.

Буга Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев жооп берип, ишин жанданткан кызматкерлерге байкоо салуу алгоритми түзүлгөнүн айтты.

Ошондой эле жыйында 1-майдан тарта, айрым ишканаларга уруксат берилгенден кийин 120 миң адамдын жумушка чыгары белгилүү болду.

Билгилей кетсек, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы райондоруна киризилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 746га жетип, анын жарымынан көбү, 462си, айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

sputnik.kg