Кыргызстанда дагы 17 киши коронавирус жугузуп алды

30 апреля 2020 Кыргызстанда дагы 17 киши коронавирус жугузуп алды

Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын саны 746га жетти.

"17 кишинин үчөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, экөө Ош облусунда, бирөө Жалал-Абадда, тогузу Чүй облусунда, бирөө Нарында. Булардын арасында алты медицина кызматкери бар", — деди Акматова.

Ушу тапта өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билсеңиз болот. 

sputnik