Мектеп, бала бакчалар качан иштей баштайт? Түшүндүрмө

29 апреля 2020 Мектеп, бала бакчалар качан иштей баштайт? Түшүндүрмө

Вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда билим берүү мекемелери, анын ичинде бала бакчалар качан иштей баштаарын түшүндүрүп берди.

Көрүүчүлөрдүн бири вице-премьерге: "Эгер 11-майда жумушка чыгып кала турган болсок, бала бакчалар качан иштей баштайт?" - деген суроо узаткан.

"1-май, 10-май жана 21-майдан баштап иштей турчу мекеме, ишканалардын тизмесине кирбей калгандардын баары, анын ичинде билим берүү мекемелери, бала бакча, мектептер бардык режимдер алынгандан кийин гана иштей баштайт. Ал эми режимдер өлкөдө эпидемиологиялык абалга жараша алынат. Эгер 1-июнда кырдаал турукташса, анда 1-июнда иштей баштайт. Эгер ал убакытка чейин кырдаал турукташпай турган болсо, 10-июнда же 20-июнда, балким 1-июлда иштеп башташы мүмкүн. Мунун баары кырдаалга жараша чечилет", — Асрандиев.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режимин 10-майга чейин узартуу боюнча президенттин Жарлыгы чыккан.

Өкмөт Кыргызстандагы кырдаалга жараша экономиканы жөнгө салуу үчүн ишкердик тармактарды этап-этабы менен жандантуу боюнча планын бекиткен.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 729га жетти. Анын ичинен 437си айыкса, сегизи каза болгон.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

sputnik