Көп кучакташкан жубайлар оңой менен ажырашпайт. Жаңы изилдөө

29 апреля 2020 Көп кучакташкан жубайлар оңой менен ажырашпайт. Жаңы изилдөө

Жубайлар канчалык көп кучакташып, кол кармашса, мамилеси ошончолук бекемдейт. Бул тууралуу Бингемтон университетинин (Нью-Йорк) окумуштууларынын изилдөөсүнө таянып Medical Xpress басылмасы жазды.

"Адам баласы үчүн сүйүктүүсүнүн кучагы, жылуу алакандары чоң ырахат тартуулайт. Бул сүйүүнү далилдөөнүн, камкордуктун биринчи белгиси. Андыктан киши сүйүүсүн көптөгөн башка жолдор менен далилдеп же сөз менен айтуудан көрө бир ирет түгөйүн кучагына кысып койгону артык", — деди университеттин илимий кызматкери Саманта Вагнер.

Мындай бүтүмгө келүү үчүн окумуштуулар бир топ жылдар бою 184 жуптун үй-бүлөлүк турмушуна көз салып турушкан.

Жыйынтыгында бири-бирин улам-улам кучактап, өөп, ары-бери өткөн сайын колдорун кармалап кеткен түгөйлөрдүн үй-бүлөсү бекем болору аныкталган.

Ал эми бири-биринен обочолонуп, себепсиз жакындаша бербеген жубайлар бат жана оңой эле ажырашып кетери билинген. Бул нерсени окумуштуулар башынан эле алардын ортосунда бири-бирине байлануу, көнүү жана кыйбастык сезимдердин жоктугу менен түшүндүрүштү.

sputnik