Кыргызстанда дагы 21 киши коронавирус жугузуп алганы аныкталды

29 апреля 2020 Кыргызстанда дагы 21 киши коронавирус жугузуп алганы аныкталды

Кыргызстанда дагы 21 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен коронавирус 729 адамдан табылган.

"Бишкек шаарында 13, Ош облусунда бир, Нарын облусунда алты жана Баткенде бир кишиден чыкты. Анын 13ү аял, 8и эркек киши", — деди Акматова.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.


sputnik