Кыргызстанда 11-майдан тарта эл көп чогулган тармактардын иши жанданат. Тизме

29 апреля 2020 Кыргызстанда 11-майдан тарта эл көп чогулган тармактардын иши жанданат. Тизме

Өкмөт Кыргызстандагы кырдаалга жараша экономиканы жөнгө салуу үчүн ишкердик тармактарын этап-этабы менен жандантуу боюнча планды бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган графикке ылайык, 1-майдан тарта адам аз чогулган тармактардын иштешине уруксат берилген.

Ал эми 11-майдан баштап эл көп топтолгон тармактар иштеп баштайт.

1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:

микрофинансылык уюмдар;

камсыздандыруу компаниялары;

кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;

туристтик агенттиктер.

2. Калкты тейлөө кызматтары:

сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;

тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо;

химтазалоо жана клининг.

3. Соода тармагы:

курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;

автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;
тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитура жана башка буюмдарды сатуу базарлары;

автосалондор, авторыноктордон сырткары.

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

коомдук транспорт, атап айтканда, автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү ташуу. Кичи автобустар азырынча кооптуу деп бааланууда.

21-майдан баштап ишин жанданта турган тармактар:

1. Калкты тейлөө борборлору (КТБлар).

Финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү:

акча алмашуу пункттары;

ломбарддар.

2. Калкты тиричилик жактан тейлөө борлорлору:

бут кийим оӊдоо;

эмерек чогултуу жана оӊдоо.

3. Соода-сатык чөйрөсү:

соода борборлору;

кийим-кече сатуучу базарлар жана дүкөндөр;

автомобиль базарлары;

коштоочу кызматтар.

4. Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев санитардык-эпидемиологиялык талаптарды катуу сактоо керектигин баса белгилеген. Эгер эреже бузуулар аныкталса, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

sputnik