Айрым ишканалар жанданып, блокпосттор кыскартылат. Жаңы чечим

28 апреля 2020 Айрым ишканалар жанданып, блокпосттор кыскартылат. Жаңы чечим

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынында өзгөчө абалдын шартында кайсы тармактар иштеп, кайсы иш-чараларга тыюу салынарын айтты. 

Коопсуздук кеңештин жыйыны

"Маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирип-чыгууга тыюу салынып, санитардык-карантиндик блокпосттор өзүнүн ишин улантат", — деди Жээнбеков.

Президент ишин баштай турган ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагыларын айтты.

"Ишин кайрадан баштай турган экономиканын объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү. Бул багытта жергиликтүү бийлик, Саламаттык сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция менен өз ара тыгыз иш алып барышы зарыл. Ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагылат", — деди Жээнбеков.

Булар менен биргеликте экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартыла турганы кошумчаланды.

Жыйында биринчи вице-премьер, Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Боронов өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу жөнүндө сунуш киргизди.

Анда өзгөчө абалдын шартында экономикалык субъектилердин ишин жандандыруу планында объектилердин конкреттүү тизмеси, алардын кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек.

Эске салсак, бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда Кыргызстандын үч району жана бир шаарында өзгөчө абал 1-майдан тарта токтотулду. Ал эми Бишкек, Жалал-Абад, Ош калаалары менен Ат-Башы районунда 10-майга чейин улануу туурасында чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, алгач Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал режими 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилген. Бирок кырдаалга карап кайра 30-апрелге дейре узартылып, тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулган болчу. Кечки 21.00дөн эртең мененки саат 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Мыйзамга ылайык, президенттин жарлыгы депутаттарга сунушталып, ӨА режимин узартуу маселесине акыркы чечимди Жогорку Кеңеш чыгарат. Парламентарий Элвира Сурабалдиева бул маселе эртең, 30-апрелде, караларын билдирген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

sputnik