Окумуштуулар Кыргызстанда коронавирустун мизи кайтар учурду айтышты

28 апреля 2020 Окумуштуулар Кыргызстанда коронавирустун мизи кайтар учурду айтышты

Сингапурдагы Технология жана дизайн (SUTD) университетинин окумуштуулары коронавирустун ар кайсы өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда жайылышы качан токтой турганын болжол менен айтышты. Алардын изилдөөсү билим берүү мекемесинин сайтына жарыяланды.

Адистердин эсептөөлөрү боюнча, Кыргызстанда оорунун жогорку чеги 11-апрелде эле өтүп кеткен. Ал эми 11-майда 97 пайызга, 15-майда 99 пайызга кыскарышы ыктымал. 18-июнга чукул толугу менен токтошу күтүлүп жатканы айтылат.

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, Өзбекстанда пандемия 20-майга, Казакстанда 20-августка барып жоголот.

131 мамлекеттеги маалыматтарды изилдөө учурунда адистер математикалык SIR-моделди колдонушкан. Бирок алар мындай божомолдорго 100 пайыз ишенип, “ашыкча оптимист” болуп кетпеш керектигин эскертишти.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда илдетке кабылгандардын саны 708ге жетип, анын жарымынан көбү, 416сы, айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

sputnik