Бишкекте автоунаа имаратка барып урунду. Видео

28 апреля 2020 Бишкекте автоунаа имаратка барып урунду. Видео

Бишкекте коменданттык саат учурунда Subaru үлгүсүндөгү жеңил автоунаа имаратка келип урунду.

Окуя болгон жерде тартылган видео жана сүрөттөр "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

koroche

Маалыматка караганда, кырсык "Космопарк" соода борборуна жакын жерде болду.

koroche.Видео

Кадрларда көрүнүп тургандай, автоунаанын алдыңкы бөлүгү талкаланып калган. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Күбөнүн айтымында, автоунаа банктын имаратына барып урунган.

Медициналык тез жардам кызматынан аталган аймактан чакыруу түшпөгөнүн айтышты. Ал эми шаар комендатурасынан маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

sputnik