Коронавирустун экинчи толкуну башталары болжонууда. Кантип сактануу керек

27 апреля 2020 Коронавирустун экинчи толкуну башталары болжонууда. Кантип сактануу керек

Күздө коронавирустун жаңы толкуну болушу күтүлүүдө, ал азыркыдан курчураак мүнөздө өтөт. Мындай пикирин Москва мамлекеттик университетинин Молекулалык биомедицина жана иммунология борборунун директору, Россия илимдер академиясынын академиги, профессор Михаил Пальцев билдирди.

Ал "Парламент” гезитине берген маегинде COVID-19 аба аркылуу жуга турган сезондук оору болуп калганын, ал жаз жана күз мезгилдеринде жогорку чегине жетерин айткан.

"Бул калктын тиешелүү бир катмарына таасир этет. Кесепети мурда айтылгандай эле улуу муундагыларга жана жаш балдарга да тийиши ыктымал. Коронавирустун күздөгү толкунуна сасык тумоо жана жөнөкөй эле респиратордук ооруларга даярдык көргөндөй эле камданыш керек деп эсептейм", — деди академик.

Ошондой эле ал COVID-19 инфекциясынын азырынча вакцинасы жок болгондуктан алдын алуу чаралары маанилүү экенин белгилеген. Аны үчүн кадимки сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүп, витаминдүү азыктарды көбүрөөк жеп туруу сактануунун негизги жолдорунун бири экенин белгилеген.

sputnik