Караханилер кайсы түрк элине таандык экендигин тарыхчылар бизге айтышпайт

27 апреля 2020

Караханилер кайсы түрк элине таандык экендигин тарыхчылар бизге айтышпайт; бирок бул эл ягма болгон деп ойлоого негиз бар, алардын башкаруучусу Караханилердеги эң эле көндүм болгон Богра-хан титулун алып жүргөн.

Мындай болгондо Чүй өрөөнүнө жаңы баскынчылардын кириши бул ирет түштүк тараптан болгон. Караханилер Чүй өрөөнүндө ислам динин тез кабыл алышкан. Бул окуя жөнүндө бизге уламыш кабарлар гана жеткен. Ибн ал-Асирде айтылган бир уламыш боюнча, исламды биринчи болуп Шабук (же Сатук) Кара-хакан алган, анын түшүндө ага асмандан киши түшүп келген жана ага түрк тилинде: «Өзүңдү бул жана келечек дүйнөдө сактоо үчүн исламды кабыл ал», — деп айткан. Эң байыркы божомолу Джемал Каршинин чыгармаларында берилген башка уламыш боюнча, бул хандардын сулалесинен исламды биринчи болуп 955-56-ж. өлгөн Сатук Богра-хан Абд ал-Керим кабыл алган.

Эки уламышта тең талашсыз бир эле адам айтылат, анткени эки автор тең бул ханды илектин (Мавераннахрды басып алган Насрдын түркчө титулу) чоң чоң атасы деп аташат. Абд ал-Керимдин небереси Харун дагы ага замандаш бир автордун билдирүүсүндө Богра-Кара-хан титулун алып жүргөн. Яндекс.Директ Грузовые подъемники для склада – Гарантия 5 лет! Звоните! Делаем «под ключ» - от проекта до монтажа. Производство от 10 дней, монтаж от 2 дней. КупитьШахтные подъемникиКонсольные подъемникиВидео подъемников пн-пт 8:00-17:00 zavod-gm.ruАдрес и телефон Эскерилген Харундун борбору Баласагун болгон, ал Мавераннахрда ооруп калып, кайтып келе жатканда 992-ж. каза болгон.

Мавераннахрды басып алуу ишин 999-ж. илек Наср аягына жеткирген. Караханилердин андан аркы ийгиликтери өз бийлигине Афганстанды, Персиянын чыгыш жарымын жана Индиянын бөлүгүн багындырып алган газневи султаны Махмуд (998—1030) тарабынан токтотулган. 1008-ж. 4-январда Утби аларды сүрөттөгөндөй, «жайык жүз, кичинекей көздүү, жалпак мурун, кылы сейрек [сакалында], темир кылыччан, кара кийимчен» түрктөр Балхтын жанында толук жеңилген жана ошол учурдан тартып Аму-Дарыядан ары жортуулдарын кайрадан баштаган эмес.

Караханилердин империясы XI кылымдын башталышында эле уделдерге бөлүнүп, алардын империянын башчысына көз карандылыгынын деңгээли акыркысынын жалаң жеке сапаттары менен аныкталган. Көп узабай уделдик системада сөзсүз болчу өз ара чыр-чатактар башталган, өзгөчө Караханилердин башкы эки бутагынын ортосунда, б. а. Сатук Богра-хандын эки небересинин, Али (Насрдын атасы) менен Харундун тукумдарынын ортосунда болгон. Бул күрөш жөнүндөгү, ошондой эле Жети-Суу ар түрдүү мезгилдерде кимдин колунда болгондугу тууралуу биздин маалыматтарыбыз өтө жарды жана айрым учурда карама-каршы.

Утбинин сөзү боюнча илек өзүнүн бир тууганы кашкарлык Туган-хан менен жоолашып турган, анткени ал аны Махмуд менен алакалаш деп шектенген; илек 1012-13 ж. өлгөн жана анын тактысы Туган-ханга өткөн. Туган-хандын Мавераннахрды ээлегендиги ишенимсиз; бирок ал Жети- Сууну башкаргандыгы талашсыз, мүмкүн, Чыгыш Түркстан да караган, ал жактан аны Богра-хан Харундун уулу Кадыр-хан Юсуф акырындап сүрүп чыгарган. Утби жана Ибн ал-Асир Кадыр-ханды хотандык башкаруучу деп аташат; тыйындардагы маалыматтардан ал 1013-14-ж. эле Яркендди, 1014-15 ж.

Кашкарды да башкарып тургандыгын билебиз. 1017-18-ж. Жети-Суу алыскы чыгыштагы көчмөн элдердин жортуулуна кептелген, алардын ичинде бул кезде Түндүк Кытай менен Орто Азиянын чыгыш бөлүгүн ээлеп, белгилүү болгондой, Ортолук мамлекетке өз атын коюшкан кытайлар да болгон. Туган-хан аларга каршы көп аскер менен келе жатат деген кабарды угушканда каапырлар Баласагундан 8 күндүк жолдогу аралыкта болушкан.

Алар чегинишкен; хан аларды үч ай кубалап, акыры аларга жеткен жана толук талкалаган. Утбинин сөзү боюнча, Туган-хан бул салгылашуудан көп узабай өлгөн, анын ордун бир тууганы Арслан-хан мурастаган. Бирок төмөндө келтирилген Бей- хакинин баяндоосунан биз Туган-хан Жети-Сууда 1025-жылга чейин бийлик жүргүзгөнүн билебиз. Тыйындардагы маалыматтар боюнча Арслан-хан Мухаммед б. Али, негизинен Сыр-Дарыя областынын түндүк-чыгыш бөлүгүн ээлеп турган, бирок анын ысымы чегилген тыйындар Бухарада да чыгарылган. 1025-ж. Кадыр-хан Юсуф жана султан Махмуд бир учурда Мавераннахрга жортуулга чыгышкан, ошол мезгилде ал жакта Насрдын, Туган-хандын жана Арслан-хандын бир тууганы Али-тегин бийлик жүргүзүп турган.

Самаркандан алыс эмес жерде Караханилердин башчысы менен султандын Гардизи тарабынан кеңири баяндалган кездешүүсү болуп өткөн. Эки монархтын ортосундагы сыпайы пикир алмашуу бардык тартиптерди, тең укуктуулукту сактоо менен өткөн. Эң кызыгы Махмудга караганда түрк ханы мыкты мусулман болуп чыккан жана ага сунуш кылынган шарапты ичкен эмес.

Ортодо келишим түзүлгөн, ал боюнча Махмуддун кызы Кадыр-хандын экинчи уулу Яган-тегинге турмушка чыгууга, ал эми Кадыр-хандын кызы Махмуддун уулу Мухаммедге турмушка чыгууга тийиш болгон; Мавераннахрды Али-тегинден тартып алууда Яган-тегинге Махмуд жардамдашууга милдеттенген. Кийин Индияга жортуул жасайм деген шылтоо менен Махмуд бул милдетинен баш тарткан, натыйжада болжолдолгон баш кошуулар да болбой калган. Мавераннахрды Али-тегин ээлеп кала берген, бирок анын бир тууганы Туган- ханды Баласагундан Кадыр-хандын аскерлери сүрүп чыгарган. Кадыр-хан Юсуф өлгөн жылы, болжолу 1031- же 1032-ж. анын ээлиги Чыгыш Түркстандан сырткары Жети-Сууну жана Сыр-Дарыя аймагынын чыгыш бөлүгүн, атап айтканда Олуя-Ата жана Чымкент уезддерин кучагына алган; борбору Кашкар болгон. Чыгыш Түркстан жана Жети-Суу Арслан-хан титулун алган анын улуу уулу Богра-тегин Сулейманга тийген; Таласты (азыр Олуя-Ата) жана Исфижабды (азыр Сайрам, Чымкентке жакын) Богра-хан титулун алган экинчи уулу Яган-тегин Мухаммед башкарып калган. Эки бир тууган тең газневи султаны, Махмуддун уулу Ма’суд менен алакалашып турган; Мавераннахрды Али-тегинден тартып алуу жана Богра-ханга берүү планы кайра козголгон; бирок бул жолу да план ишке ашкан эмес.

Дагы Секмандын башкаруучусу, кандайдыр Лешкер-хан эскерилет; Секман сөзү Беклиг шаарынын согдуча аталышы Семекнага араңдан окшошот. Арслан-хан менен бир тууганынын ортосундагы мамиле тез эле жоолашуу мүнөзүнө өткөн. Ибн ал-Асир бир жерде Арслан-хан 1043-44-ж. өз ээлигин туугандарына бөлүп бергенин, өзүнө Кашкар менен Баласагунду гана калтырганын жана жогорку бийликти алып калганын эскерет. Бул маалыматтын мындай берилиши, албетте, туура эмес; ал мезгилде уделдик система жарым кылымдан бери бар болчу, бирок бул доордо Арслан-хандын начарлыгына байланыштуу империянын башчысынын кадыр-баркы биротоло түшүшү толук мүмкүн. Богра-хан 1056-ж. ченде Арслан-ханды туткундап кеткен жана анын ээлигин басып алган, бирок 15 айдан кийин эле өзүнүн аялы тарабынан ууландырылган. Богра-хандын өлүмүн Ибн-ал-Асир 1047-48- жылга такайт, бирок бул окуялардын замандашы Бейхакинин көрсөтүүлөрүндө төгүндөлөт, ал боюнча хан 1057-58-ж. гана өлгөн.

Ал өзүнүн улуу уулу Чагры-тегин Хусейнди мураскор кылгысы келген, ал эми каныша өзүнүн жашы жете элек уулу Ибрахимди тактыга олтургузууну каалагандыгы ханды өлтүрүүгө түрткү болгон. Акыркысы хан болгон, бирок көп узабай барскандык башкаруучу Йинал-тегин менен болгон согушта курман болгон.

Мындан кийин Кашкарды жана Баласагунду 16 жыл бою Кадыр-хандын башка уулу Тогрул-Кара-хан Юсуф өзүнүн бир тууганы Богра-хан Харун менен бирдикте бийлеген. Алар Мавераннахрдын башкаруучусу Шемс ал-мульк Наср (биринчи илек Наердын небереси) менен согушуп турушкан; согуш тынчтык менен аяктап, Мавераннахр менен түркстандык караханилердин ортосундагы чек ара Хоженд деп таанылган, б. а., мүмкүн, Сыр-Дарыя суусу. Тогрул-хандан кийин анын уулу Тогрул-тегин эки ай башкарган; андан кийин Богра-хан Харун дагы 29 жыл (1074—1102-03) Кашкар, Баласагун жана Хотанды ээлеп турган.

Ушул Богра-хан үчүн 1069-ж., б.а. ал бир тууганы менен бирге башкарып турганда, Кашкарда түрк тилиндеги биринчи адабий чыгарма — Кутадгу билик дидактикалык поэмасы жазылган; поэманын автору Баласагундун тургуну болгон. 1089-ж. селжук султаны Меликшах Самарканды басып алган жана Өзгөнгө чейин жеткен; Кашкар ханы (мүмкүн, Харун) дагы өзүн анын вассалы деп эсептөөгө тийиш болгон. Меликшах кеткенден кийин Самарканда жикилдерден чыккан жалданма түрктөрдүн көтөрүлүшү болуп өткөн; жикилдер Кашкар ханынын бир тууганы жана Атбаштын бийлөөчүсү Я’куб-тегинди чакырышкан.

Я’куб Самарканды ээлеген, бирок Меликшах жакын келгенде Атбашка качкан. Бул жерден ага анын бир тууганынын аскерлери кол салган, Атбашты кашкарлыктар талап-тоношкон жана Я’кубдун өзү туткундалган. Меликшах кайрадан Өзгөнгө жеткен жана хандан Я’кубду берүүнү талап кылган. Хан өзүнүн абийир жөнүндөгү түшүнүгүнө каршы келген мындай талапты аткарууну создуктурган; акырында ал Меликшахка өзүнүн уулун жөнөтүп, Я’кубду өзү менен ала кетип, көзүн оюп алып, чептердин биринде калтырып кетүүнү буюрган; эгерде султан буга ыраазы болбосо, ханзаада Я’кубду Өзгөнгө алып барууга тийиш болгон. Бул мезгилде Кашкар башка бийлөөчү —Йиналдын уулу Тогрул тарабынан камоого алынган, анын турган жери Кашкардан 80 фарсах аралыкта болгон (500 верстага жакын) балким, Тогрул Барскандын башкаруучусу жана жогоруда эскертилген Иинал-тегиндин уулу болгон.

Хан туткунга алынган; качан бул жөнүндө кабар анын уулуна жана коштоочуларына жеткенде Я’куб аларды аны коё берүүгө көндүргөн.

Меликшах Я’куб менен келишим түзгөн жана Я’кубдун Тогрул менен согушту улантуусуна мүмкүндүк түзүп282, Өзгөндөн кетип калган. Бул күрөштүн жыйынтыгы тууралуу бизде эч кандай кабар жок; мүмкүн, Харун туткундан бошонсо керек, анткени ал, биз көргөндөй, Кашкарда XII кылымдын башына чейин бийлик жүргүзгөн. 1102-ж. б.а.

Богра-хан Харун өлөөрү менен Баласагун менен Таластын башкаруучусу, Кара-хан Омардын уулу жана Богра-хан Мухаммеддин небереси Кадыр-хан Джибраил Мавераннахргажортуул жасаган. Кадыр-хандын аскерлери мусулмандардан гана эмес, ошондой эле каапырлардан да турган; ал Аму-Дарыяга чейинки өлкөнү бүт ээлеген, бирок бул дарыянын боюнда селжук султаны Санжардан талкаланып, туткунга түшкөн жана өлтүрүлгөн.