Бишкектеги №3 бейтапкананын 8 кызматкеринен коронавирус аныкталды

26 апреля 2020 Бишкектеги №3 бейтапкананын 8 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун сегиз кызматкерине коронавирус жукту. Бул туурасында Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, учурда бейтапкананы карантинге жабуу маселеси каралып жатат.

"Учурда Үй-бүлөлүк медицина борбору санитардык тазалоо иштерин жүргүзүүгө жабылды. Эми Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун чечимин күтүп жатабыз. Ошого жараша ишти улантабыз", — деди Исмаилова.

Ошондой эле ал бейтапкананын башка кызматкерлери үй карантинине алынганын билдирди. Баары анализ тапшырган, азырынча жыйынтыгы таза чыгып жатат.

Бүгүн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өткөн суткада №3 бейтапкананын үч кызматкеринен COVID-19 аныкталганын билдирген.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 682ге жетип, анын жарымынан көбү, 370и айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

sputnik