Жалган маалымат! Бишкек коменданты уюмдардын 1-майдагы иши боюнча үн катты

26 апреля 2020 Жалган маалымат! Бишкек коменданты уюмдардын 1-майдагы иши боюнча үн катты

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев түрдүү уюмдардын тизмеси жазылып, 1-майдан тарта алардын иши жанданат деген маалымат жалган экенин билдирди.

Белгилей кетсек, соцтармактарга калкты тейлөө борборлору, сауналар менен мейманканалар 11-майдан тарта иштей турганы, ал эми 1-майда чарба дүкөндөрү, сулуулук салондору ачылары тууралуу маалымат тарап жатат.

Орозалиев мындай график жазылган маалыматты Facebook баракчасына бөлүшүп, Fake (жалган) деген белгини койгон. 

facebook

Ал ошондой эле интернет колдонуучуларды чындыкка дал келбеген маалымат менен бөлүшпөөгө чакырган.

sputnik