Сооп алуу үчүн ооз ачыруу кажет эмес. Карантинде орозо кармоо эрежелери

23 апреля 2020 Сооп алуу үчүн ооз ачыруу кажет эмес. Карантинде орозо кармоо эрежелери

Карантин учурунда Рамазан айын кантип туура өткөрүш керек? Орозо кармагандар үчүн эмнелерге тыюу салынган жана ар кандай себептерден улам ооз беките албай калгандар кандай соопчулук иштерин жасаса болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу айтып берди.

Карантинде конок чакырып ооз ачыруу кажет эмес. Өлкөдөгү коронавирус кырдаалына байланыштуу КР муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин билдирүүсү чыккан. Анда муфтий карантин эрежелерин сактап, Рамазан айында элди чогулбай коё турууга чакырган. Ооз ачуу же ифтарды үй-бүлө мүчөлөрү менен эле өткөрсө болот. Карантин учурунда конок чакырып ооз ачыруу кажет эмес. Таравих (сүннөт) намазы да үйдө окулушу керек. Өлкөдө абал турукташмайынча талаптарды аткаруу сунушталат.

Жакырларга жардам берүү — ооз ачыруу сообуна тете. Колунда бар адамдар изоляция режиминде орозо кармагандарды чакырып чай бергендин ордуна, жакырларга тамак-аш жаатында жардам берип, кайрымдуулук кылса ооз ачыруу сообуна барабар болот. Ар бир мусулманды эгер мүмкүнчүлүгү болсо кайрымдуулук кылууга чакырабыз.

Ооруп жаткандар орозону дарыгердин сунушу менен гана кармашы керек. Эгер иче турган дарысын дарыгер ооз бек учурга жазып берсе, анда бул адам орозо кармай албайт. Эгер ооз ачкандан кийин деле ичүүгө болсо, анда ооз бекитсе уруксат. Ал эми ооруп калган адам антибиотик дарыларын укол аркылуу алса, орозосу бузулбайт. Дагы бир учур — азыктандыруучу витаминдерди сайдырганга болбойт. Себеби андай витаминдер тамак катары эсептелет.

Оозду ачууда дасторкондо тамактын түрү турушу зарыл эмес. Айрым үй-бүлөдө азык-түлүк жетишсиз болушу мүмкүн. Бирок ал орозо кармабай коюуга себеп эмес. Бир чөйчөк суу, болгон тамак менен эле ооз ачса болот.

Оозу бектер тамактын тузун көрсө болот, бирок жутпаш керек. Орозо башталганда алгач адам бир аз кыйналышы ыктымал, бирок эки-үч күндөн кийин организм көнүп кетет. Андыктан орозо кармаган адамдар курсагы ачып же суусап кетсе, атайылап тамак ичип албашы керек. Ал эми оозу бек аялдар тамак жасап жатканда тузун көрсө болот, бирок аны жутпаш керек. Унутуп же кокустан тамак жеп, суу ичип алып анан орозо экенин эстесе, дароо жеп жатканын токтотуп орозосун уланта берсе болот.

Оозу бектерге чылым, кальян, насвай чегүүгө уруксат берилбейт. Орозо учурунда тамеки тартса, ооз ачылып калат. Орозо бир чети ушул сыяктуу жаман адаттардан арылууга да жардам берет.

Ооз толтура кусканга болбойт. Мындай учурда ал адамдын оозу ачылды деп эсептелип калат. Ал эми денеден, ооздон кан же ириң чыкса ооз ачылбайт.

Орозодо ниетти оңдоп, жүрөктү да тазалоо зарыл. Орозо бир гана ашказандыкы эмес. Тилдин, көздүн, кулактын да орозосу болот. Бул ушак сөздөн, бирөөнү жамандоодон, урушуп, жаңжалдашуудан оолак болуу дегенди туюндурат. Ошондой эле орозо кармаган адам сөгүнүп, адам көңүлүн калтырган жаман сөз айтуудан да алыс болушу шарт. Бул бир гана оозу бектерге эмес, жалпы мусулманга тиешелүү. Көздүн орозосу ыплас нерселерди кароону тыят. Андыктан жаман нерселерди карабай, орозону бузуп албоого аракет кылыңыз.

Кулакка, мурунга суу киргизгенге болбойт. Орозо айы жай айына туш келип калганда, адам катуу ысыкта, оор жумуштарда иштесе сууга түшүп, жуунууга уруксат берилген. Бирок ооз, кулак жана мурун аркылуу суу адамдын ички органдарына кирбеши керек. Даарат алып же жуунуп жатканда этият болуңуз.

Оозду атайылап бекитпей уктап калганга болбойт. Колдон келсе саарлыкка туруп, жакшы ниет, тилек менен ооз жабуу зарыл.

Ооз бек учурда тишти паста менен тазалабайт. Анын ордуна мисвак (атайын дарактан тиш тазалоо үчүн алынган бутак — ред.) колдонсо болот. Бирок пастасы жок тиш щетка менен тазалоого уруксат. Тиш пастаны оозду жабаарда же ачкандан кийин колдонсоңуз болот.

Жыныстык катнаш болбойт. Ооз бек учурда жубайлар ортосунда кошулууга тыюу салынат. Ооз ачкандан ооз бекиткенге чейин жыныстык катнашка уруксат берилет, бирок сөзсүз гусул алып, андан соң ооз бекитүү зарыл.

sputnik