Бүгүнкү соттук процесске катышуудан баш тарткан Атамбаевдин абалы айтылды

22 апреля 2020 Бүгүнкү соттук процесске катышуудан баш тарткан Атамбаевдин абалы айтылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-апрелде, белгисиз себептер менен соттук процесске катышуудан баш тартканын билдирди.

Белгилей кетсек, интернетке Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдун жылышы боюнча маалыматтар тараган. Бул боюнча УКМК төмөнкүлөрдү билдирди.

“Учурда Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө. Өзү дагы ден соолугуна арыздана элек”, — деп айтылат маалыматта.

Бирок мурдагы мамлекет башчы соттук отурумга катышуудан баш тартып, себебин түшүндүргөн эмес.

Кой-Таш окуясы

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Учурда УКМКнын тергөө абагында. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адам дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

sputnik