Элмирбек акын менен коштошуу зыйнаты башталды. Сүрөт

22 апреля 2020 Элмирбек акын менен коштошуу зыйнаты башталды. Сүрөт

Акын Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты башталды.

Тажыя маркумдун Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп жатат.

Иш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгун жоготуу экенин белгиледи.

“Президент өзү келейин деди эле, бирок азыркы кырдаал ушундай болуп калды. Бүгүн элибиз, чыгармачыл чөйрөбүз бир канатынан ажырады. Буга чейинки кыргыздан өткөн залкарларды бүгүн кайра бир жолу жоготкондой болуп турабыз. Анткени Элмирбек ошол таланттардын баарын өзүнө камтып жүрчү”, — деди Раев.

Иманалиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети оорусу менен жабыркап жүргөн. 20-апрелде кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган.

Иманалиев 42 жашта болчу. Артында үч уул, үч кызы калды. Эки небереси бар.

sputnik