Кыргызстанда дагы 22 кишинин коронавирус жуктурганы аныкталды

21 апреля 2020 Кыргызстанда дагы 22 кишинин коронавирус жуктурганы аныкталды

Кыргызстанда дагы 22 кишиден COVID-19 чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 аныкталган сегиз киши Бишкекте, үчөө Ош облусунда, алты адам Ош шаарында, дагы бешөө Нарында катталган.

Ушуну менен Кыргызстан боюнча коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 590го жетти. 

Азыркы тапта өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билип алсаңыз болот. 

sputnik