Элмирбек Иманалиевдин сөөгү качан кайда коюлары айтылды

21 апреля 2020 Элмирбек Иманалиевдин сөөгү качан кайда коюлары айтылды

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу акындын күйөө баласы Мирзат Муканов Facebook баракчасына жазды.

facebook

Анын айтымында, акындын сөөгү Тунгуч кичи районундагы үйүнөн чыгарылат.

"Атам эртең саат 11де Тунгуч кичи районунан чыгарылат. Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бирок бул чакыруу эмес. "Аз киши болсун" деп жатышат. Туура түшүнөбүз", — деп жазган ал.

Эске салсак, кечээ, 20-апрель түнү, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев ооруканадан көз жумган. 

Иманалиев 42 жашта болчу. Артында эки кызы, үч уулу калды. Эки небереси бар.

КР эл артистинин төкмөлүктөн тышкары обончулук, актёрлук, манасчылык өнөрү бар болчу. Нечендеген шакирт даярдап, азыркы төкмөлөрдүн сап башындагы алп акын эле.

sputnik