Ооруканада болчу. Элмирбек Иманалиевдин эмнеден көз жумганы айтылды

21 апреля 2020 Ооруканада болчу. Элмирбек Иманалиевдин эмнеден көз жумганы айтылды

Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев ооруканада үзүлдү. Бул тууралуу төкмөнүн жакындары билдиришти.

Маалыматта кант диабетинен жабыркап жүргөн акын ооруканага бүгүн кечинде түшкөнү айтылды.

Эскерте кетсек, Иманалиев 42 жашта болчу. Артында эки кызы, үч уулу калды. Эки небереси бар.

КР Эл артистинин төкмөлүктөн тышкары обончулук, актёрлук, манасчылык өнөрү бар болчу. Анын калеминен жаралган ырлар көптөгөн аткаруучулардын репертуарына кирген. Мындан тышкары, шакирттерди даярдап, азыркы өнөрпоздордун сап башындагы алп акын эле.

sputnik