Элмирбек Иманалиев каза болду. Жылдызы көчтү кыргыздын...

21 апреля 2020 Элмирбек Иманалиев каза болду. Жылдызы көчтү кыргыздын...

Акын, КРдин Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жашында каза болду. Бул маалыматты анын жакындары тастыктады.

Ал 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Бир нече ырлардын автору, айтыштардын жеңүүчүсү болгон.

Акын билим жолун Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияда баштап, андан соң 2004-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.

Элмирбек Иманалиев белгилүү ырчылар аткарып жүргөн "Күттүм, күттүм", "Ак секет", "Булбулум", "Боздотпочу", "Аруузат", "Балкыма" ырларынын обонун жараткан. Өзү жазган ырларында арман, муң бар экендигин жашырчу эмес.

Элмирбек Иманалиев жаш акындарга устаттык кылып келген. Ага 2016-жылы Эл артисти наамы берилген.

sputnik