Көз кызарат. Коронавирустун дагы бир өзгөчө симптому айтылды

20 апреля 2020 Көз кызарат. Коронавирустун дагы бир өзгөчө симптому айтылды

Коронавирусту жуктурган адамды көзүнүн кызарышынан дагы билүүгө болот. Бул тууралуу “Известия” басылмасы жазат.

АКШнын Йель университетинин адиси Винсенте Диаз бул оорунун өзгөчө жана чанда кездешчү симптому экенин билдирген.

Анын айтымында, вирус адамдардын көпчүлүгүнүн көзүнүн үстү жагына таасир этиши мүмкүн. Мындан улам ал эгерде көзүңүз кызарып, ага кошо демиңиз кысылып же чыйрыккан сыяктуу белгилери болуп жатса, медицина кызматкерлерине кайрылууну сунуштады.

Ошондой эле адис көз кадимки аллергиядан улам дагы кызарып оорушу мүмкүн экенин кошумчалаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

sputnik