Чүй менен Ошто коронавирус аныкталган эки киши каза болду

20 апреля 2020 Чүй менен Ошто коронавирус аныкталган эки киши каза болду

Кыргызстанда коронавирус аныкталган эки киши каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, көз жумгандар Чүй облусунун жана Ош шаарынын тургундары. 

"Каза болгондордун бири Чүйдөн, 70 жаштагы аял. Ал медициналык жардамга кеч кайрылып, өнөкөт илдеттери да өтүшүп кетиптир. Ал эми экинчиси 79 жаштагы Ош шаарынан бир эркек. Ал киши стационарда дарыланып жаткан. Анын да өнөкөт оорулары бар болгондуктан, сактап кала алган жокпуз", — деди Үсөнбаев.

Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.

Ушу тапта республикада абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот. 

sputnik