Коронавирусту түп орду менен жок кылчу температура айтылды

17 апреля 2020 Коронавирусту түп орду менен жок кылчу температура айтылды

Франциянын Прованс университетинин окумуштуулары коронавирус 92 градус ысыкта 15 мүнөттүн ичинде толугу менен өлөрүн аныкташты. Эксперттердин тыянактары bioRxiv илимий порталына жарыяланганын РИА Новости жазды.

Эксперимент учурунда изилдөөчүлөр коронавирусту бир сааттын ичинде 60 градуска чейин ысытышкан. Бирок мындай ысыкта дагы вирустун көбөйүп кетүү мүмкүнчүлүгү байкалган. Негизи көпчүлүк лабораторияларда пациенттин анализдерин кароодо вирусту алсыздандыруу үчүн аны 60 градуска чейин ысытышат, мындайча айтканда, бул стандарттуу ыкма. Ал эми коронавирусту адистер 92 градус ысыкта гана 15 мүнөттүн ичинде жок кыла алышкан.

Эксперимент үчүн француз окумуштуулары африкалык жашыл маймылдын бөйрөк клеткаларын колдонушкан. Маймылга коронавирустун штаммын германиялык бейтаптан алып жугузушкан. Инфекцияланган клеткалар таза жана кир эки пробиркага жайгаштырылган.

Жылытуунун стандарттык процедурасынан кийин таза медициналык идиштеги вирус штаммдары толугу менен өлсө, экинчи пробиркадагы вирустар аман калган.

Изилдөөчүлөр стандарттык зыянсыздандыруу ыкмасы вирустун жүгү төмөн болгон үлгүлөрдү жок кыла алат деп божомолдошкон. Бирок вирусу көп болгон үлгүлөр үчүн жетишсиз экендигин айтышкан.

Адистер алардын изилдөөлөрү вирустун үлгүсү менен иштеген медиктерге жардам болоруна үмүт артышууда.

sputnik