Нарында өткөн суткада коронавирус табылган 10 адамдан инфекция аныкталбагандыктан, обсервациядан үй карантинине чыгарылган. Экинчи ирет текшергенде COVID-19дун белгилери чыгып, кайрадан обсервацияга алып келинген. Бул туурасында аймактык кабарчыга райондук штабдан билдиришти.
“Бүгүн, 16-апрелде, коронавирус табылган 10 адам 30-марттан бери обсервацияда болуп, 4-апрелде үй карантинине чыгарылган. Себеби биринчи анализдери таза чыкканда колдорунан үйдөн эч жакка чыкпоо боюнча түшүнүк кат жаздырып, үйүнө жиберилген экен. Экинчи анализинде коронавирустун симптомдору бар экени аныкталды. Азыр алар ооруканада. Абалдары канааттандырарлык”, — деп айтышкан алар.
Ат-Башы районунда алгачкы учур 8-апрелде аныкталган. Беш адамдан вирус табылып, Ош жана Баткен облусунда дааватта болуп келген эки адамдан тараганы маалым болгон.
Ал эми экинчи учур өткөн сутка боюнча Жумгал районунан табылды. Илдетке медкызматкер кабылган. Ушуну менен аталган аймакта төртүнчү медицина кызматкеринен COVID-19 аныкталып жатат.
Бүгүнкү күндө коронавирустан жабыркаган Нарын облусу боюнча 45 учур катталды. Мунун бешөө Нарын шаарынан болсо, бирөө Кочкор районунан, 29 киши Ат-Башы жана 10 киши Жумгал районунан. Булардын ичинен Нарын облустук бириккен ооруканасынын билдиргенине караганда, Нарын шаарынан эки адам сакайып, 14-апрелде үйгө чыгарылган.
Аймактагы эпидемиологиялык абалдан улам Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна 15-апрелден тарта өзгөчө абал киргизилди.
Өлкөдө эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан таанышсаңыз болот.
Ошондой эле кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга да баш багыңыз.