Сомдун кунун кетиришти! Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзамы сунушталды

16 апреля 2020 Сомдун кунун кетиришти! Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзамы сунушталды

Кыргызстандагы акча алмаштыруу жайларын жабуу сунушталууда. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеп коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде 2014-жылы Улуттук банк 1215 акча алмаштыруу жайын текшерип, бир нече мыйзам бузуулар аныкталганы жазылат. Кардарларды идентификациялоонун жоктугу жана операциялардын көлөмү жашырылган. Чынында отчетто көрсөтүлгөн суммадан 10 эсеп көп болору белгилүү болгон.

Ошондой эле демилгечилер ушул жылдын март айында акча алмаштыруу жайлары өлкөдөгү жана дүйнөлүк кризиске байланыштуу белгисиздик жана тынсыздануу кырдаалынан пайдаланып кетишкенин жазат. Тагыраак айтканда, "негизсиз алмашуу курстарын коюп, жасалма толкундануу жараткан жана четөлкөлүк валютага болгон суроо-талапты жогорулаткан".

“Бул окуялар чет өлкөлүк валютанын сомго карата негизсиз төмөн же жогору курсун белгилөө фактысын алдын алуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чараларды күчөтүү зарылчылыгын жаратты. Бул рынокту жөн гана катуу көзөмөлдөө эмес, акча алмаштыруу бюролорунун ишин токтотуу зарыл экендигин көрсөттү”, — деп айтылат негиздемеде.

Ошондой эле акча алмаштыруу жайлары тарабынан түзүлгөн накталай четөлкөлүк валюта рыногундагы ажиотаж калктын жана бизнес түзүмдөрүнүн жасалма девальвациялык күтүүлөрүн жаратары айтылат. Мунун кесепетинен улуттук валютанын активдерин четөлкөлүк валютага которуу активдешет. Бул алмашуу курсуна басымдын көбөйүшүнө, сомдун арзандашына жана инфляциянын өсүшүнө алып келери белгиленген.

Натыйжада акча алмаштыруу операцияларын банктар, кредиттик союздар, чакан финансылык жана кредиттик компаниялар гана жүргүзүшү сунушталууда. Бул улуттук валюта рыногунун коопсуздугун, валюта операцияларынын ачык-айкындуулугун камсыздоого жана көбүрөөк салык түшүшүнө шарт түзөрү белгиленди.

Мыйзам долбоорунун демилгелеген депутаттар: Гүлшат Асылбаева, Алиярбек Абжалиев, Салайдин Айдаров, Искендер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова, Экмат Байбакпаев. Негизги демилгечиси Гүлшат Асылбаева.

Долбоор Жогорку Кеңештин сайтына 15-апрелде жүктөлгөн. Коомдук талкуунун мөөнөтү бүткөнгө чейин Кыргызстандын бардык жараны көрсөтүлгөн даректерге сунуш-пикирлерин жөнөтсө болот.

Белгилей кетсек, өлкөдө 10-мартта доллар 69,9 сомдон 73 сомго чейин кымбаттаган. Ал эми 19-мартта кескин жогорулап 85 сомго чейин жеткен.

Учурда америкалык валютанын наркы 80,6 сом болууда.

sputnik