Бутту кара. Коронавирустун жаңы симптому аныкталды

16 апреля 2020 Бутту кара. Коронавирустун жаңы симптому аныкталды

Буттардагы бүдүр кызыл жаралар коронавирустук инфекциянын белгилеринин бири болушу мүмкүн. Metro басылмасынын жазышынча, мындай жыйынтыкка италиялык жана испаниялык дарыгерлер келишкен.

Ага ылайык, Италияда COVID-19 менен ооруканага жаткырылган ар бир бешинчи адамдын терисинде ушундай көйгөйлөр байкалат. Көбүнчө бул симптом балдарда жана өспүрүмдөрдө кездешери айтылууда.

Испаниянын Педиатрлар ассоциациясы коронавирус убагында чыккан бүдүр жаралар адатта чечек менен кызамыктын жарасына окшош болорун белгилешкен. Адатта ал кызарып манжаларда пайда болот дагы, кийин денеде так калтырбай айыгат.

Дарыгерлер мындай абалга олуттуу мамиле жасап, обочолонуу керектигин айтышты.

COVID-19 инфекциясын жугузгандарды салттуу түрдө төрт симптом менен аныктоого болот: адамдын дене табынын дароо көтөрүлүшү, чыйрыгуу, жөтөл жана демдин кысылышы. Ал эми алсыроо жана суук тийип чыйрыгуу сейрек кездешүүчү симптомдоруна кирет.

sputnik