Коронавируска каршы вакцина алган дүйнөдөгү биринчи адам маек курду

15 апреля 2020 Коронавируска каршы вакцина алган дүйнөдөгү биринчи адам маек курду

Америкалык Женнифер Халлер коронавируска каршы сыналып жаткан вакцинаны алган дүйнөдөгү биринчи адам болуп калды. Аял The Telegraph басылмасына вакцина сайдыргандан кийин абалы кандай өзгөргөнүн айтып берген.

“Биринчи күнү дене табым бир аз көтөрүлдү. Экинчи күнү болсо колдорум катуу ооруду. Ошону менен баары бүттү, өзүмдү кайра мурдагыдай жакшы сезип калдым”, — деди Халлер.

Америкалык аял вакцина алууга коронавирус менен күрөшүүдө өз салымын кошкусу келгендиктен макулдук бергенин билдирди.

“Бул процесске катышканым үчүн сыймыктанам!” — деди ыктыярчы.

Жакынкы күндөрү Сиэтл шаарынын 44 жаштагы тургунуна вакцинанын экинчи дозасы сайылат. Женнифер Халлер 2021-жыдын жаз айларына чейин адистердин көзөмөлүндө болмокчу.

mPHK-1273 аталышын алган вакцинаны Сиэтл институту Modern биотехнологиялык компаниясы менен биргеликте жасаган. Буга чейин жаныбарларга ийгиликтүү сыналып, март айынын орто ченинде адистер адамдарга сайып көрүп байкай башташкан. Ыктыярчылар бир жыл бою медиктердин көзөмөлүндө болушат.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-март күнү коронавирус пандемиясын жарыялаган. Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 1,9 миллиондон ашып, 113 миң адам көз жумду.

sputnik