Бишкекте коменданттык сааттын убактысы кыскартылат

15 апреля 2020 Бишкекте коменданттык сааттын убактысы кыскартылат

Бишкекте коменданттык саатты эки саатка кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

“Учурда коменданттык сааттын убактысы 20:00дөн 7:00гө чейин болсо, аны 21:00дөн 6:00гө чейин кыскартуу маселеси каралууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна киргизилген өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн апрелдин аягына чейин узартуу боюнча Жарлык чыгарган.

Ага кошуп Нарын шаары менен Ат-Башы районуна дагы өзгөчө абал жарыялады.

sputnik